Жол кырсыганан жабыркагандардын саны күн санап көбөйүп жатат.

Бул тууралуу ЖКнын жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев билдирди.

“2015-жылы 1060 адам жол кырсыгынан каза болуптур, анын ичинен жаш балдар 100гө жакын. Көп мамлекеттерде кичинекей баланын өлүмү жалпы улуттук таргедия болуп саналат. Аны комиссия иликтеп чыгат. Бизде тескерисинче үй-бүлөсү үчүн гана трагедия болуп, биз үчүн ал жөн гана бир статистиканы түзүп калгандай таасир калтырып жатат. Ушуга олутту бир кадам жасасак жакшы болмок. Менин оюмча социалдык вице-премьер-министрди комиссиянын төрагасы кылып, балдардын өлүмүнүн санын азайтсак”, — деди ал.

Эл өкүлү өкмөт айдоочу күбөлүктөрдүн сатылышын токтотуш керек экенин кошумчалады.

“Коопсуз шаар долбоорун таптакыр ишке ашыра албай койдук. Бул дээрлик 6 партиянын убадасы болчу. Тажикстанда бул долбоор ишке ашып, дүйнөдөдө эң аз жол кырсыгы катталып калды” , — дейт Акаев.