Уулу Британиянын допингге каршы агенттиги (UKAD) Олимп оюндарында 366 спортчунун ичинен 53ү кызытма колдонгондугун моюнга алды.

«Алар ден соолугуна байланыштуу уруксаты бар болчу»,- деп билдирген UKAD.

Буга чейин эл аралык Fancy Bears хакердик тобу WADAнын сайтын талкалап, көпчүлүк АКШ чемпиондору кызытма колдонгондугун ачыкка чыгарган. Андан соң алар жаңы тизмени жарыялап, ага 25 спортчу кирген.

Акыркы маалыматтарга ылайык, WADA бул окуяларда Орусиянын изи бар деп айыптаганын sportbox жазган.