«Аюу холдинг» компаниясы Көк-Жар жаңы конушунда салынып жаткан тогуз кабаттуу «Сары Челек» комплексинен спортчуга батир белек кылды.

Тапшыруу аземинде аталган компаниянын вице-президенти Балбак Түлөбаев Иззат алар үчүн чемпион экенин белгиледи.

“Ал кыргыздын желегин көтөрө алды. Бирок Олимпиадалык оюндар саясатташып кеткендиктен медалдан айрылып калдык. Келечекте Иззаттан далай байгелерди күтөбүз. Ошон үчүн спортчуга мотивация катары батир берүүнү чечтик», — деди ал.

Иззат Артыков Рио олимпиадасынын коло медалчысы болгон. Бирок канынан стрихнин табылып, спорттук арбитраждык сот тарабынан дисквалификацияланып, медалдан кол жууган.