Бир күндүн ичинде 13 токой өртү катталып, 330 гектар аянтындагы токой өрттөнүп кеткен.

Якутия ыраакы чыгыштагы токойлор көп өрттөнгөн аймак болуп эсептелинет. 353 адам тилсиз жоону өчүрүүгө катышып, 46 техниканын күчү колдонулган.

Ал эми жылдын башынан бери 1176 токой өртү катталып, 661 миң гектар күйүп кеткен. Былтыркы жылы Якутиянын токойлуу аймагында катталган 1,22 миң өрттөн 292 гектар токой жабыркаган.