Бүгүнкү күнгө карата 16 миң үйгө гана электр энергиясынын «акылдуу эсептегичтери» коюлган.

Бул тууралуу күз-кыш айларындагы жылуулук менен камсыздоого даярдоо жыйынында «Түндүк электро» ишканасынын башчысы Аскар Эшимбеков билдирди.

Анын айтымында жылдын аягына чейин өкмөт тарабынан түзүлгөн протокол боюнча 50 миңдей «акылдуу эсептегичтерди» коюп жетишүү керек.

Энергетика жана өнөр жай боюнча мамлекеттик комиттеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев эгерде эсептегичтер коюлуп бүтпөй калса «Түндүк электро» ишканасы жоопкерчиликти өзүнө алабы деген суроого, Эшимбеков ишти бүтүрүү үчүн бардык аракеттерди жумшайт экенин айтты.