Украинанын президенти Петр Порошенко менен АКШ президенттигине талапкер Хиллари Клинтон Нью-Йоркто жолукту.
Алар Орусияга каршы санкция жана Украинадагы реформа, Донбасстагы кырдаал тууралуу сүйлөштү.
Порошенко Клинтонго Укранина демократиянын баалуулуктары үчүн күрөшүп жатканын айтып берди.
Эки тарап Орусияга каршы саясаттын натыйжалуугун белгилешти.