Нуркент 100 миңдей калкы бар, 300 гектар аянтты ээлеген заманбап шаар болот.
Казак президенти кечээ Алматы облусуна барып, шаар курулушунун жана өнүктүрүүнүн башкы планы менен таанышып кайткан.
Нуркент казак-кытай чегинде жайгашкан Панфилов районуна куруулууда. Ал «Хоргос-Чышыш дарбазасы» аталышындагы атайын экономикалык аймактын курамына киргизилет.
Шаарды 2020-жылга карата бүткөрүү пландалууда. Нуркент калаасы түшкөн аянт жаңы Жибек Жолунун таянуу борбору болот.