Билим берүү министрлигинде мамлекеттик тил күнүнө арналган илимий-практикалык конференция өттү.
Конференция «2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү» боюнча улуттук программаны жүзүгө ашыруу максатында өткөрүлдү.
Семинардын алкагында катышуучулар компьютердик тести менен, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоочу «Кыргызтест» системасы менен таанышты, мамлекеттик тилди «Кыргызтест» системасы аркылуу өнүтүрүү мындан аркы кадамдарды талкуулашты.
«Учурда улуттук программаны аткаруу боюнча Билим берүү жана илим министрлигинде бир катар иштер жүрүп жатат. Атап айтсак, тилди эне тил, экинчи тил, чет тил катары окутуунун стандартттары, алардын максаттуу көрсөткүчтөрү иштелип чыгып, жаңыланган стандарттар боюнча “Кыргызтесттин” талаптарына жооп берген жаңы муундагы окуу китептер чыга баштады», — деп белгилеп кетти министр Эльвира Сариева.