Быйылкы жылдын 8 айында ӨКМдин куткаруу жана өрт-куткаруу кызматтары тарабынан жалпысынан алганда 285 адам куткарылган.

Анын ичинен жол кырсыгынан — 69 адам, экстремалдык абалда – 89 жана көлмөлөрдөн-25 адам куткарылган. Республика аймагында өрттөн 102 адамдын өмүрү сакталган. Жалпысынан 705 адамга жардам көрсөтүлүп, анын ичинен 179 адамга дарыгерге чейинки жардам көрсөтүлгөн. Күтүүсүз жагдайга туш болгон 105 адамга жана 421 адамга үйлөрүнүн жабылып калган эшиктери ачылып берилген.

Ошондой эле өзгөчө кырдаалдар министринин басма сөз кызматы маалымдагандай, куткаруу кызматтары тарабынан 6227 муктаж болгон адамдарга телефон аркылуу кеңеш берилген.