Бишкекте кечээ Алма-Ата көчөсүндө жүргүнчүлөрү менен кичи автобус тоголонуп кеткен.
Окуя болгон жерде дароо 3 тез жардам унаасы келип, 4 шаардык ооруканага 9 адам жеткирилген.
Саламаттык сактоо министирлигинин берген маалыматына ылайык, жабырттарткандардын арасында бирөө азыр аябай оор абалда.
«Колу жанчылып калгандыктан, кесип салууга туура келген. Азыр ал аял реанимациялык бөлүмдө, абалы оор, качан эсине келет билбейбиз. Дагы эки жаран палатга жаткырылды. Ал эми калгандарына ордунан биринчи жардам көрсөтүлүп, үйүнө жеткирилди»,- деп билдиришти