Августта эле 180 адам каза болуп, 268 киши жаракат алган.
БУУнун жогорку комиссарлар башкармалыгынын маалымат катчысы Сесил Пуйи жарым жылдын ичинде 4 миңден ашуун жай жарандардын каза тапканын айтты.
Пуйи жарандар жашаган обьектилерге чабуул жасоо көбөйгөнүн кошумчалайт. Августта чабуул жасалган 41 факты катталган. Алар билим берүү, медициналык жана диний мекемелерге, аэропорт жана калк жашоочу үйлөргө жасалган.
Акыркы чабуул 21-сентаябрда Ходейда шаарында болгон. 26 жай жаран каза тапкан. Арасында 7си балдар, 24 адам жабыркаган.