90 жылдыкка арналган салтанаттуу иш-чара Т. Сатылганов атындагы филармонияда болду.

Борбордук мамлекеттик архивдин мааракеси «архив кызматына 90 жыл» деген фото документтердин көргөзмөсү менен ачылды.

Кыска метраждуу фильм менен архив ишинин өнүгүү тарыхы жана бүгүнкү күнгө чейинкиси көрсөтүлдү.

Иш чарага өкмөт өкүлдөрү, мамлекеттик каттоо кызматы жана ЖК эл өкүлдөрү катышып, архив кызматына эмгеги сиңген кызматкерлер сыйланышты.