Баарыбыз эле тоодон түшкөнбүз, бирок биринчилерден болуп түшуп, борбордо “цивилизациянын” очогунда жайгашып калгандар бар. Балкондо өсүп, түп тамыры менен өзүн шаардык деп эсептегендер. Бирок бул белгилер чыныгы бишкектиктерге гана тиешелүү. Шаар четиндеги жаңы конуштарда жашагандар же ата-энеси кийинчирээк келип жайланышып калгандар эмес (себеби мындай үй-бүлөлөрдө элеттин үнү дагы деле угулат).
1Кыргызча түшүнөм, бирок сүйлөй албайм
Орус тилдүү бала-бакчага барып, кийинчирээк орус мектепке баргандыктан, көп учурда мен кыргызча түшүнөм бирок, сүйлөй албайм болуп калышат. Алар сөзсүз кийин жогорку окуу жайга барганда, кыргызча үйрөнүшөт.
2Одноклассникиге кирбегендер
Шаардыктын экинчи айырмасы, ал бул сайтты “признавайтетпейт”. Айылдыктар Facebook, Instagram дегенди шаарга окууга тапшырганы гана келип үйрөнгөн.
3Алар аянтка барышпайт
Шаарга жаңы келген айылдык каяка барат? Ооба, аянтка барат. Борбордун борбору. Ал эми чыныгы бишкектик барбайт. Менин шаардык кошунам бар болчу. Бир жолу аянтка барууга чакырсам, башка эле жерге баралычы… «УЯТ ДА» деген сөзү дале эсимде.
4Назик келген шаардыктар
Алар жайында бир жумага гана айылга барып келет, жок эки жумага эмес, бир айга эмес. Анткени, андан көпкө чыдай албайт. Бишкектиктер ушундай назик келишет экен.
5Молодуха, Баканбайка, Калыка Акиева бул көчөлөрдү аттарынын жаңы өңүттө угулушу
Бул алардын дагы бир чоң айырмасы. Анткени, айылдан келгендер жок дегенде бир жыл, Бөкөнбаева, Молодая Гвардия деп айтышат.
6Фонтанда сүзгөндөр
Чыныгы шаардык кичинекейинде же талаша кетип, балким мас болуп, айтор, жок дегенде бир жолу фонтанга түшкөн.
7Өзгөчө ойлуу
Алар башка шаарларда кабелдүү антенна, интернет жок деп ойлойт
8Питак, район, двор, бул шаардык колдоно турчу каймана сөздөр
Район деп мага айткылачы, мен Базар-коргонду элестетем. Ал эми шаарда өскөндөр үчүн бул Пишпек, Ак-өргө, Чыгыш-5.