«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдиргендей, чыныгы компроматтар келе элек.
«Кээ бир каттар калоо-тилектер жана такталбаган материалдар жазылган. Алдыда чыныгы маалыматтар келип баштайт», — дейт ал.
Жакында Текебаев электрондук почта ачкан. Ал дарекке каалоочулар бийлик төбөлдөрүнүн жемкорлук иши жөнүндө маалымат жөнөтүп тура алышат. Электрондук почтанын дареги specialno_dlya_vas@bk.ru деп аталат.