Президент болгондон бери Обама уят сөздөрдү мурдагыдан көп колдоно баштаганын тарыхчы Дорис Кернс-Гудвин менен болгон маегинде айтып берген.
«Менин президенттик аппарат башчым да, улуттук коопсуздук кеңешчим да менден көп сөгүнөт. Ошондуктан кооптонууга негиз жок”,- деген Обама.
АКШ президентинин айтымында, ал көбүрөөк какшыктаганы эле болбосо, өзүн эл астында кандай алып жүрсө, чыныгы жашоосунда да ошондой.