Ал улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына карата эл аралык жыйын өтөт.

Кыргызстандык жана чет өлкөлүк окумуштуулар 1916-жылкы көтөрүлүштүн себептерин жана кесепеттерин карап, тарыхый баасын берет. Жыйын бүгүн Бишкек гуманитардык университетинде өтөт.

Жыйындын уюштуруучулары: Билим берүү жана илим министрлиги, БГУ жана Абсамат Масалиев атындагы фонд.

Иш-чара башталганча БГУнун профессорлору, мугалимдери, студенттери 1916-жылы каза болгондорду эскерип, “Ата-Бейит” меморалдык комплексине барып, гүлчабар коюшат.