Сингапурлук Пей Шань Teoнун жашы 17ге толсо да, денеси кадимки ымыркайдыкындай болуп өспөй кала берген.

кити

Жаңы төрөлгөндө дарыгерлер анын колдору жана буттары нормадан кыска экенин байкашкан. Бир катар изилдөөлөрдөн кийин кыздын мукополисахаридоз оорусу менен ооруйт экенин аныкташкан. Аталган оору адамдын сөөктөрүн, органдарын жана нерв системасын жабыркатат.

киит

3 айынан кийин Пей Шань өсүүсүн токтоткон. Андан сырткары иммундук системасы өтө начар болуп, кыз улам-улам ооруй берчү. Аны багып чоңойтуу ата-энесине көп түйшүктөрдү жараткан эле.

Баса албагандыктан, жалаяк салынчу. Өпкөсүнүн начардыгынан дайыма кислород маскасын тагынууга мажбур болчу.

ктиит

Ата-энесинин айтымында мындай тагдырга дуушар болгону менен кыз, каниет кылып, майда нерселерге да кубанып турар эле.

Алар Пей Шань экиге чыкканда атайын мектепке берүүгө аракет жасашкан. Бирок,  кыз анда да улам-улам ооруй берген.

кити при

Ага карабастан өз алдынча жазганды, сүрөт тартканды жана англис тилин үйрөнгөн. Кичине колдору менен пианино черткенди үйрөнүп, кайрымдуулук концертине катышкан.

Кыз эки ай мурун ооруканада жарык дүйнө менен кош айтышкан. Ал өлөрүн сезип, ата-энесин ыйлабоосун суранган. Анын өтүнүчү боюнча жакшы көргөн Hello Kitty мультфильминдеги музыка жаңырган.