«Түкүрбө» кыймылы эми кичи автобустарга каршы өзүнүн акциясын баштады.
Анда шаар тургундарына аталган акциянын колдоо жана кичи автобустар менен күрөшүү үчүн төмөнкүлөрдү кылуу керек:
Мэриянын веб-сайтына маршруттарды жакшыртуу керек экендиги жөнүндө кат жөнөттү.
Эгер убакыт болсо автобус, троллейбустарды күтүү;
Социалдык тармактарда мен «мен маршруткаларга каршымын» сүрөтү менен бөлүшүү;
Эгер айдоочу орой болсо, жол эрежелерин бузса ага эскертүү берүү;
Эгер мүмкүнчүлүк болсо маршруткаларга отурбай жөө басуу;
Салондун ичи кир жана толуп калган унааларга отурбоо;
Транспортту аялдамалардан тосуп жана отуруу;
Буга чейин кыймыл шаар тургундары арасында бир нече акциялары популярдуу болгон. Кыймылды президент да колдоп, атайын чаптамаларды таратуу үчүн каражат да бөлүп берген.