Парламенттин бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиев Латвия Республикасынын башкы аудитору Элита Круминя менен жолугушту.
Тараптар эки өлкөдөгү аудиттик текшерүүлөр жөнүндө маалымат алмашышып, КР Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгү тууралуу да пикир алышты.
Тармактык комитеттин төрагасы Аскарбек Шадиев Кыргызстанда бюджеттин ачый-айкындуулугуна багытталган бир топ иштер мерчемделгенин белгилеп: «Өлкөбүздө каржылык мыйзам бузуулардын алдын алуу жана аудиттик текшерүүлөрдүн мыйзамдуулугун көзөмөлдөө иштери жолго коюлган. Бизде нефть, газ сыяктуу байлыктар жок, андыктан чет өлкөлүк инвесторлорду тартууга жана өлкө бюджетин сарамжалдуу пайданалууга багытталган реформалар өтө зарыл. Ал үчүн Кыргызстан башка мамлекеттердин тажрыйбасына муктаж»,- деди.
Ал эми Латвиянын башкы аудитору Элита Круминя эки өлкөнүн тарыхый окшоштуктарына токтолду.
«Кыргызстанга алты жыл мурун да келгем. Андан бери чоң өзгөрүүлөр болгондугуна өзүм күбө болуп жатам. Албетте, сиздерден алчу тажрыйбалар да арбын экен. Бул сапарыбыз эки өлкөнүн каржылык ачык-айкындуулугун арттырууга жакшы шарт түзөт деген ойдобуз», — деп билдирди.