Чечилбеген чек аранын аркасынан кыргыз, өзбек, тажик элдеринин ынтымагы бузулууда. Бирок Фергана өрөөнүндө жашап келген элдер эзелтен бир муштумга түйүлүп, жоонун мизин биргеликте майтарып келгени белгилүү. 22 миң чаарчы км чөлкөмгө буга чейин үч ири эл кантип чырдашпай батышып келгенин тарых беттеринен издеп көрдүк.
Кезегинде чек араны элдин жайгашуусуна карабастан бөлүнүүсү, суугат, жайыт маселелеринин курчушу, эң негизгиси, мамлекет жетекчилеринин бир пикирге келе албастыгы бир тууган элдерди бири-бирине жек көргөздүрүп бара жатат. Эгер мындай көрүнүш улана берсе анда тамыры бир, тарыхы бир боордош элдердин ата-бабадан келе жаткан ынтымагына, карым-катнашына доо кетиши мүмкүн.
Фергана чөлкөмүндөгү элдер эч качан араздашкан эмес, тескерисинче биригип бир нече душмандын мизин майтарышкан. Керек болсо дүйнөнүн жарымын басып алган Александр Македонский Фергананын ичкери жагына кире албай, кайтууга мажбур болгон. Ошондой эле б.з.ч. II кылымда Фергана өрөөнүндө түзүлгөн Даван мамлекети Хань империясынын 100 миңден ашуун аскерине туруштук берип, кытайлар аргасыз кайтып кетишкен.
1709-жылы Фергана чөлкөмүндө кыргыз, өзбек, кыпчак, тажик ж.б. улуттардан турган Кокон хандыгын түптөшкөн. 1740-50-жылдары калмактар менен болгон айыгышкан кармашта жергиликтүү эл душмандарды биротоло кууп чыгып, калмактарды кайтып келгис кылышкан эле. 1758-жылы Цинь империясы Жуңгар хандыгын талкалап, 1759-жылы Фергана өрөөнүнө 9 миң аскери менен басып кирген. Жергиликтүү калк аскерлердин 7 миңин кырып салышып, 2 миң аскери гана качууга араң үлгүргөн. Цинь империясы Ферганага мындан кийин жологон эмес.
Фергана калкынын биримдигин Падышалык өкмөттүн колониялык эзүүсүнө каршы 1898-жылы Анжиян көтөрүлүшүндө көрө алабыз. Анда кыргыздар, өзбектер, сарттар, тажиктер, кыпчактар чогуу көтөрүлүшкө чыгышкан эле. 1917-жылы Фергана чөлкөмүндө кыргыз, казак, өзбек, тажик, сарт, кыпчактардан турган Кокон автономиясы түзүлгөн. Большевиктер тарабынан бул автономия жок кылынгандыктан, кийин анын тарапташтары Совет бийлигине каршы азаттык, улуттук күрөшкө чогуу чыгышкан. Бул кийинчерээк басмачылар кыймылы деп аталып, ал СССР аймагында эң узакка созулган согуш болгон.
Тактап айтканда Ферганада чек ара деген маселе болбой, элдердин ынтымакта гана жашап келишкен. Бул чөлкөмдөгү чек ара маселеси, улуттардын араздашуусу 1924-жылдан башталат. Бул маселе улам күчөп олтуруп, 1991-жылдан кийин эгемендүүлүгүн алган ар бир мамлекет өзүнүн аймагын зым тосмолор менен тосуп алып, кирип чыгууда чектөөлөрдү киргизгенге чейин жетти. Чарбачылыгында өндүргөн түшүмдү өз ара соода-сатык мамилелерин жүргүзгөн, бири-биринен дос тутуп, куда-сөөк болуп жашаган эл, бир ууч адамдардын кесепетинен мамилелери сууп бара жатат. Ошондуктан талаш маселелерди, чарбачылыкка байланышкан көйгөйлөрдү дипломатиялык жол менен чечип бирге өнүгүүгө жол алышыбыз керек.
Кылымдар бою бир канча баскынчылардын мизин кайтарган бир чөлкөмдүн эли бүгүн да бир муштум болуп биригип, карым-катнашты кайрадан улантуу учурдун талабы.