Парламенттик жыйында талаш-тартыш жаралып жатат.

Кээ бир депутаттардын ою боюнча бул мыйзам долбоорду киргизүүдө Жогорку Кеңештин регламенти бузулганын айтууда.

Ал эми отурумга кечигип келген «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канат Исаев Конституцияга өзгөртүү киргизүү зарылчылыгына токтолду.

«Азыркы Баш мыйзам өзүнүн тарыхый ролун аткарды. Бизге бул өзгөртүүлөр керек. 6 жыл ичинде дүйнөдө көп өзгөрүүлөр болду. Жаңы чакыруулар жана коркунучтар пайда болду», -дейт ал.