Ар бир райондо бирден мал союучу цех болуп, азык-түлүктүн сапатын көтөрүп, калктын ден соолугуна кам көрүү максатында, үйдө союлган малдын эти базарларга киргизилбеши керек.

Мындай оюн бүгүн жыйында  биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абугазиев билдирди.

«Өлкөдө калктын 65% айыл жергесинде жашаса, анын 70-80% мал багып, талаачылык менен эмгектенет. Биздеги эң чоң көйгөй айыл-чарба тармагында сапаттуулукту көтөрө албай жатабыз. Ошондуктан Өкмөт башчысынын демилгеси менен бардык аймактарда кооперативдерди уюштуруп, заманбап ыкмалар тууралуу билим алып, сандан сапатка өтүүгө убакыт келди», — деди Мухамметкалый Абугазиев.

Учурда республика боюнча 5,6 млн ашык майда жана 1,5 млн ашык бодо мал болгону менен алардын эт жана сүт багытындагы пайдалуулугу аз болууда.

Соңунда Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев  ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына, ар бир районго мал союучу цехтерди ачууга канча каражат жана убакыт кетерин эсептеп чыгуу жана аны ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн тез арада карап чыгуу тапшырмасын берди.