Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен элчи Элишка Жигова жолугушуусунда эки өлкө ортосундагы кызматташтык келечеги тууралуу пикир алмашуу орун алды.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстан Чехия менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани берет.

“Кыргызстан эли өткөн кылымдын 20-жылдарындагы Кыргызстандын өнөр-жайынын негизделишине жана чыңдалышына чех ыктыярчыларынын кошкон баа жеткис салымын унутпайт. Өз кезинде Кыргызстандын жалпы өнөр-жай продукциясынын 45%ын өндүргөн «Интергельпо» кооперативи Кыргызстан элине интернационалдык көмөк көрсөтүүнүн ири долбоору болгон», – деди Жээнбеков.

Элишка Жигова чех ишкерлеринин Кыргызстандын келечектүү долбоорлоруна инвестициялоого кызыкдарлыгын белгиледи. Ал айткандай, Чех экспорттук банкынын Кыргызстан рыногуна аралашуусу эки өлкө үчүн тарыхый окуя катары бааланат.