Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев форумда билдирди.

Анын айтымында, энелердин өлүмү 2015-жылы 2010-жылга салыштырмалуу 23, 9 % азайды.

«Ошондой эле былтыр Кыргызстан балдардын өлүмүн азайган өлкөлөрдүн катарына кирген», — дейт министр.

Мындан тышкары Батыралиев 2009-жылдан тарта жүрөк оорусунан каза болгондорду азайтуу тенденциясы белгиленген.

«Жүрөк оору, кургак учук менен ооруган же каза болгондордун санын азайтуу тенденциясы сакталууда. Алдын-алуу иш чаралар уюштурулууда», — деди ал.