Бул демилге «Мен элечекти сүйөм» долбоорунун 3-бөлүгү болуп эсептелет.
«Биз беш жылдын алкагында улуттук кийимдерди даңазалоо иштери менен алектенип келебиз. Бир жылдан бери «Мен элечекти сүйөм » аттуу долбоордун алкагында, жыл башында Кыргызстандагы белгилүү, үлгүлүү айымдарыбыздын элечек кийген образдарын көрсөткөнбүз», — дейт долбоордун автору Айжан Акылбекова.
Долбоорго ар тараптагы кесипте эмгектенген 100 айым катышат жана алардын ар бири уникалдуу болгондуктан «100 жана 1 элечекчен айым» деп аталат.
Автор: Нуркыз Маматова