Бул акчанын 1 млн 561 миң 560 сому республикалык бюджетке которулат. Башкача айтканда 91%ы.
Ал эми калганы Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мекемеге берилет. Мындай каражатка 322 пенсия, 111 мугалимге айлык төлөп, 1927 аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына жардам берсе болот.
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев жеңичүүгө ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын бюджетине салым кошконун белгиледи.
Жеңичүүгө ыраазычылык ирээтинде салтанаттуу түрдө сертификат жана белек берилди.