Бүгүн билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева «Жылдын мыкты мугалими – 2016» республикалык сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды.
Республикалык сынак 4 номинация менен өткөрүлдү:
- «Жылдын мыкты мугалими»;
- «Жылдын мыкты инновациялык мектеби»;
- «Жылдын мыкты бала бакчасы»;
- «Жылдын мыкты айылдык мектеби».
«Жылдын мыкты мугалими – 2016» номинациясынын жеңүүчүсү болуп Баткен облустунун Лейлек районунун Б.Набиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими Бегайым Бегалиева табылды. Ал эми экинчи орунду Бишкек шаарынын №69 гимназия мектебинин немец тилинин мугалими Самара Абдыкеримова ээледи. Үчүнчү орунду Ош облустунун Кара-Суу районундагы И.Кулбаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Гулжамал Раева ээледи.
«Жылдын мыкты инновациялык мектеби» номинациясы боюнча биринчи орунду Бишкек шаарынын №68 мектеп гимназиясы жеңип алды, экинчи орунду Чуй облустунун Петровка мектеп-гимназиясы ээледи. үчүнчү орунду Ош облустунун Ноокат районунун М.Гапаров атындагы гимназия мектеби ээледи.
«Жылдын мыкты бала бакчасы» номинациясы боюнча Чуй облустунун Сокулук районунун №3 ясли-бакчасы биринчи орунга ээ болду, экинчи орунду Бишкек шаарынын №51 бала бакчасы ээледи, ал эми үчүнчү орунду Ош облустунун Алай районунун «Жоогазын–Мурдаш» бала бакчасы ээледи.
«Жылдын мыкты айылдык мектеби» номинациясы боюнча биринчи орунга Ош облустунун Кара-Суу районунун Дадан Султанов атындагы орто мектеп ээ болду, экинчи орунду Нарын облустунун Ат-Башы районунун Наамат Усеналиев атындагы орто мектеби ээледи, үчүнчү орунга Ысык-Көл областынын Түп районунун Өмүр Баатыр орто мектеби ээ болду.