Бул акция тарых жана маданият жылына карата уюштурулат.
Иш-чаранын максаты – Бишкектиктердин маданияттуу эс алуусун уюштуруу болуп саналат. Акцияга чыгармачылык жамааттар, маданият үйлөрү, маданият башкармалыгынын алдындагы борборлоштурулган китепканалар тармагы катышуусу күтүлөт.
Саат 15:00дө «Ата-Түрк» паркында «Жашоонун күзү» аталышта улуу муундар үчүн эс алуу кечеси, ал эми «Диалог» маданият үйүндө өтөт.
«Асанбай» паркында саат 15:00дө «Ынтымак ыры» тартууланат.
Жаш Гвардия бульварында «Окуу убактысы» китептер көргөзмөсү өткөрүлөт.
Панфилов паркында ушу спортчуларынан спорттук көрсөтүүлөрү, «Йога» боюнча мастер-класстар, «Кыргыз Руху» фольклордук ансамблисинин концерттик программасы менен «Жүрөктөгү ырлары» уюштурулат.