КСДП фракциясынын жыйынында кышка даярдык боюнча маалымат менен өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев тааныштырды.

Жыйындын жүрүшүндө фракциясынын депутаты Данияр Аттокуров электр энергиядагы тариф саясатында өзгөрүү качан болоруна, жылма өчүрүү болор- болбостугуна кызыкты.

«Сиз Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17 млрд м. куб экенин айттыңыз, бул эми Казакстандан электр энергиясын сатып албайбыз дегенди билдиреби?», — деп сурады депутат.

Зилалиев жылма өчүрүү болбостугуна ишендирип, электр энергияны кошуна өлкөдөн импорттоодон баш тартууга аракеттер көрүлүп жатканын, так маалыматты кыш мезгилинин алдында айтууга мүмкүн болорун билдирди.

«Тарифти төмөндөтүү маселесине келсек, элеткр энергиянын өздүк наркы дале  кымбат бойдон калууда, энергекомпаниялардагы дефицит 8 млрд сомду түзөт, ошондуктан тарифти төмөндөтүү боюнча сөз болушу мүмкүн эмес», — деди Зилалиев.

Мындан сырткары, Аттокуров «Газпром»  компаниясынын өкүлүнө кайрылып, Чүй жана Ысык-Көл облустарын газдаштыруу иши кайсыл этапта экенин сурады.

«Газпром» өз ишин 2030-жылга чейин иштелип чыгылып, баасы 100 млрд. рублди түзгөн  инвестициялык программага ылайык жүргүзүүдө. Учурга карата Бишкектеги 10 жаңы конушту газдаштыруу иши бүттү, 2017-жылга дагы 11 жаңы конуштарга газ түтүкчөлөрүн жеткирүү пландалган. Кыска мөөнөттүү программага ылайык, Чүй облусун газдаштыруу каралып, ага түзөтүүлөр киргизилүүдө», — деди «Газпром» ишканасынын директорунун орун басары.