Түркиянын прокуратурасы сот акыйкатынын 87 кызматкерине жана пенитенциардык мекеменин 75 жумушчусуна ордер берди.
Кармалган 162 адам оппозициячыл Гүлен менен байланышы бар болгондугу үчүн күнөөлөндү.
16-июлга караган түнү Түркияда аскерий төңкөрүш аракети болуп, 240тан ашуун адам каза таап, 2 миңден ашуун киши жаракат алган. Өлкө бийлиги төңкөрүш аракетине учурда Калифорнияда жашаган оппозиционер, коомдук ишмер Фетхуллах Гүленди күнөөлөп келет. Ал өз кезегинде күнөөнү четке кагууда.