3-октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө 10…15° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 15…20°, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоо этектеринде 8…13° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо 1…6° суукка чейин төмөндөшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

3-4-октябрда Чүй облусунун тоо этектеринде, Талас өрөөнүндө жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында айрым жерлерде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт, мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылчага, мөмө жемиштерге жана  казылып алынган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.