Афганистандагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга   гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн колонна Ош шаарынан жөнөтүлдү.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругуна ылайык, Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам  товар, азык-түлүк, дары-дармек, жылуу кийимдер жана боз үй түрүндө уюштурулду.

Экспедициянын курамы 20 адамдан туруп,  ага мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы  Бакыт Адылов баштаган тийиштүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери, мындан тышкары Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарды медициналык кароодон өткөрүү үчүн   медициналык кызматкерлер кирди.

Өкмөт гуманитардык жардам көрсөтүүнү уюштуруу үчүн  10 млн сом бөлдү.

Бүгүнкү күндө ал жерде 1500гө жакын этникалык кыргыздар жашайт.