Куттуктоо телеграммасында дипломатиялык мамилелер орногон күндөн баштап Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда конструктивдүү жана позитивдүү диалог орун алып, ал туруктуу өнүгүп жатканы белгиленген.
«Биздин мамлекеттер ортосундагы достук жана кошуналык жакын мамилелерди чыңдоого жана арттырууга сиздин жеке салымыңыз баа жеткис. Кыргыз-тажик кызматташтыгынын мындан ары ийгиликтүү өнүгүшү сиздин жеке көңүл бурушуңуз жана зор аракетиңиз менен ажырагыс экенине терең ишенем»,- деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.
Атамбаев Тажик Республикасынын жыргалчылыгы жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн Эмомали Рахмонго бекем ден соолук, бакубатчылык жана эң жогорку мамлекеттик кызматында ийгиликтерди каалады.