Казакстандык окуучулар аскерге даярдоо сабагында автоунаа айдаганды үйрөнүшөт.

Бул туурасында билим берүү жана илим министри Ерлан Сагадиев билдирди.

«Балдардын аварияга учуроосу кыскарбай жатат. Буга байланыштуу биз аскерге даярдоо сабагында окуучуларга жол эрежелери менен бирге унаа башкарганды үйрөтөбүз. Жыйынтыгында бүтүрүүчүлөргө айдоочулук боюнча курсту бүткөндүгү жөнүндө күбөлүк ыйгарылат. Мугалимдерди кайра даярдап чыгууга каражат жетет», — деди Сагадиев.

Министрдин айтымында, бул маселе боюнча Коргонуу министрлиги менен макулдашууларга жетишилди. Жараян этап менен 2017-жылдан тарта ишке кирет.

Бүтүрүүчүлөргө аттестат менен бирге айдоочулук күбөлүк берүү тажырыйбасын бир нече өлкөлөр колдонот.