18-20 жаштагы студент  кыздар акыркы учурларда турмушка чыгуу тууралуу сүйлөшкөнүнө күбө болуп келебиз. Чын эле азыр үй-бүлө куруу көйгөй жаратып келеби? Көпчүлүк учурда кыздардын “эптеп күйөөгө тийип алсам” деген сөздөрү жүрөк өйүтөт. Мындан 3 жыл мурун жогорку окуу жайын бүткөндөр ушундай темада сүйлөшчү беле?

Кант шаарынын тургуну Гулина Кармышева 2013-жылы жогорку окуу жайды бүткөн, азыр жашы 26да ал мурда күйөөгө чыгуу жөнүндө ойлочу да эмес экен.

«Биз университетте окуп жүргөндө турмушка чыгууну эч ортого салып сүйлөшчү эмеспиз. Биздин башкы максатыбыз окууну жакшы бүтүрүп, жумуш ордун табуу болчу. Курсташтарымдын ичинен окуп жүргөндө эки эле кыз турмушка чыккан. Болгондо да бирөөсүн ала качып кеттен. Бирок окууну бүтүп, жумуш ордунду тапкандан кийин, күйөө дегенди ойлобой да калат экенсин», -дейт ал.

Ал эми 3-курстун студенти Нуриза азыр Кыргызстанда эркектерге караганда аялдардын саны көп экенине токтолду.

“Бир эркекке жети аял тура келет . Чынын айтканда учурда аял затын баркаташпайт, эркектер  кыз көп каалаганын алып алам  деп ойлошот. Ошондуктан өз бактыбызды тапканга аракеттенүү зарыл», — деди студент.

23 жаштагы Алтынай болсо кичүүлөр биринчи турмушка кетип жатышканын айтууда.

«Быйыл турмушка чыккан кыздардын көпчүлүк пайызын 1998-1999-жылы туулган кыздар толуктап жатат. Мунун ичинде өз калоосу менен кеткендер, ала качып кеткендер да бар. Менин оюмча кичүүлөр биринчи кетип, улуулар күйөөгө тийбей калабыз деген ой менен бул маселе көп козголот», — деген ою менен бөлүштү.

Ошол эле учурда Сокулук районунун тургуну Айтбек болсо кыздар балдардын башын айлантып, жөн эле убакыт өткөрүшө турганын кошумчалады.

“Ошондуктан балдар аларга ишенбей турмуш кургусу келбейт. Бул маселе ошондон жаралып, кыздар күйөөгө чыкканга жигиттерди таппай келет”, — деди Айтбек.

Автор: Жаңыл Сталкеримова