Сынак Бодрумда 24-сентябрдан 4-октябрга чейин өттү.

Айжамал Осмонова билдиргендей, 20 кыз катышкан.

«Европанын ханышасы» наамын Украинадан келген кыз алды. Ошондой эле калыстар тобунан «Келишимдүү» наамын алдым», — дейт ал.

Мындан тышкары, ал сынактын жеңүүчүсү болуу үчүн бир гана сулуу болуу керек эмес экенин айтты.

«Эки жуманын ичинде бизди көзөмөлгө алды. Жүрүм-турумду жана тарбияны карады. Бир кызды дисквалификациялап салышты», — деди.