ЖКнын КСДП фракциясы мамлекеттик бюджетке колдоого көрсөтүүгө багытталган Бишкек шаарында 2016-жылдын 20-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Финансылык макулдашууну (Башкаруунун жана атаандаштыктын жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү жаатындагы саясатты колдоо максатында операциясы) ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.

«Башкаруунун жана атаандаштыктын жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү жаатындагы саясатты колдоо максатында биринчи кадам» программасынын Эл аралык өнүктүрүү ассоциясиясы тарабынан 24 млн доллар берилет, анын ичинде 10,8 млн доллар гранттык жардам, ал эми 13,2 млн доллар жеӊилдетилген насыя каражаты болуп саналат.

Бул программанын насыялык бөлүгү ЭӨА мөөнөтү жана шарттары  менен берилип, аны төлөө, республикалык бюджеттин каражаттарынын жардамы келишиминин шарттарына ылайык ишке ашырылат.

Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, каражат толугу менен республикалык бюджетке түшөт, дагы башка кошумча чыгымдар каралган эмес.

Белгилей кетсек, бул ратификациялык мыйзам долбоору буга чейин Жогорку Кенеш тарабынан биринчи окууда кабыл алынган.