Президент Алмазбек Атамбаев улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын башчысы Айбек Калиевди кабыл алды.
Жолугушууда мамлекет башчысы өлкөнүн энергетика системасынын алдыдагы жылытуу сезонуна карата даярдыгынын жүрүшү тууралуу маалымат алды. Атап айтканда, президентке негизги энергетика объектилерин отун менен камсыз кылуу боюнча түзүлгөн келишимдер жана аларды оңдоо иштеринин жүрүшү жөнүндө маалымат берилди.
Атамбаев алдыдагы күзгү-кышкы сезонго даярдык көрүүгө, жылытуу сезону учурунда калкты электр кубаттуулугу жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн өлкөнүн энергетика системасын кылдат даярдоого байланыштуу улуттук энергетика холдинг компаниясынын башчысына тапшырмаларды берди.