Экономика министри Арзыбек Кожошев ЕЭКтин жыйынында ЕЭАБден күткөн нерселер орундалбай жатканын айтты.

«Биз күткөн көп үмүтүбүз аткарылбай жатат. Бирок интеграция бул узак жүрүм. Орусия, Белорусия, Казакстан интеграция мисалын эстейли. Аларда дагы маселелер жаралган. Бирок чечилген. Мындай ЕЭКтин отурумдары биздин дагы көйгөлөрдү чечет деп ойлойм», — дейт ал.