«Ош» эл аралык аэропортунда табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын коркунучунда жана келип чыгуусундагы өздүк курамдын иш-аракеттерин текшерүү максатында  комплекстүү машыгуу өткөрүлдү.

Машыгуу Ош шаарынын жарандык коргонуунун 2016-жылга даярдык мерчемине ылайык, Ош шаарынын мэриясынын буйругунун негизинде эки этапта өткөрүлдү.

Машыгуунун негизги максаты:

— Жарандык коргонуунун тынчтык мезгилиндеги пландарынын аныктыгын текшерүү;

—  өзгөчө кырдаал болгон учурда “Манас эл аралык аэропортунун” Оштогу филиалынын өздүк курамынын  даярдыгын жогорулатуу;

— кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди уюштурууда күч жана каражаттарынын даярдыгын жана практикалык ишмердүүлүгүн текшерүү;

— өзгөчө кырдаал келип чыккан учурда өздүк курамды, жарандарды кабардандыруу жана эвакуациялоо боюнча практикалык иш-чараларды иштеп чыгуу болду.

Машыгуунун биринчи этабында өзгөчө кырдаал коркунучунда жана келип чыккан учурда биринчи кезектеги иш-чараларды уюштуруусу.

Машыгуунун экинчи этабында өздүк курамдын жана түзүлгөн Жарандык коргонуу түзүмүнүнүн өзгөчө кырдаал учурундагы иш-аракеттеринин уюштурулушу.

Комплекстик машыгууда теориялык, практикалык түрдө даярдыгы текшерилди.

Бул өткөрүлгөн комплекстик машыгуунун жыйынтыгы боюнча “Манас эл аралык аэропортунун” Оштогу филиалы ар кандай өзгөчө кырдаалдарга жогорку даярдыкта экендиги бааланды.