Тасма 1916-жылдагы кандуу окуяны жаштардын эсине салуу үчүн тартылды.

Продоссер Мухтар Атаналиевдин айтымында фильм 12-октябрдан тарта кинотеатрларда коюула баштайт.

“Бул биздин тарых. Тарыхтын ачуу бөлүгү. Жаштар мурункудай китеп окубайт. Биздин максат тасма аркылуу тарыхты ар бирине жеткизүү”,- деп билдирген М.Атаналиев.

Тасманын режиссёру Медин Учкеев “фильмдин сценарийине тарыхый чыгармалардан тышкары, эл оозунан айтылган окуялар да колдонулду”,-деп билдирди.

Тартуу иштери 7 айга созулуп, тасманын бет ачаары 31- август эгемендүүлүк күнү болмок. Бирок фмльмди режиссерлор тартып жетишбей калган.