Орусия президенти Владимир Путин энергетика боюнча эл аралык саммитке катышуу үчүн Стамбулга барды.

«Интерфакс» жазгандай, бул түрк аскерлери тарабынан Су-24 учагы атылып түшүрүлгөндөн кийинки орус лидеринин Түркияга болгон алгачкы сапары.

Стамбулда Путиндин Түркия президенти Режеп Таип Эрдоган менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Орусия учагы түркия-сирия чек арасында өткөн жылдын ноябрында атылып түшүрүлүп, анын пилоту курман болгон. Түркия бийлиги учак өлкөнүн аба мейкиндигине кирип барганын билдирген. Орусия айыптоолорду четке кагып, Анкарага каршы санцияларды жарыялаган.

27-июнда Эрдоган пилоттун өлүмүнө байланыштуу өкүнүчүн билдирген кат жолдогондон соң мамилелер нормалдашуу нугуна түшүп, Кремль санкциялардын бир тобун алган. Августта Путин менен Эрдоган Петербургда жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.