Салык кызматы Ош облусунун Кара-Суу району боюнча салык органынын кызматкеринин катышуусу менен болгон мушташ боюнча кызматтык иликтөө жүргүзөт.

Төрага Замирбек Осмонов мамлекеттик кызматкердин этикасын бузгандыгына карата тийиштүү кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды. Иликтөөнүн жыйынтыгында кызматкерге карата тийиштүү чаралар колдонулат.

МСКнын жетекчилиги салыкчынын мындай жүрүм-турумун айыптайт. Анткени ар бир мамлекеттик кызматкер өз жүрүм-туруму менен башкаларга үлгү болууга тийиш.

Эске салсак, өткөн жумада түн ичинде МСКнын Кара-Суу райондук башкармалыгынын кызматкери менен Кара-Суу базарынын жумушчусунун ортосунда мушташуу болгон. Салыкчы, мас абалында базардын аймагын тазалап жүргөн аялды зордуктоо аракетин кылып атканда, аялына жардамга келип калган күйөөсү экөөнүн ортосунда мушташ чыгып кеткени тууралуу материал сайттарга жарыяланып чыккан.