Парламентте «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев шайлоону ачык өткөрүү боюнча алдыда болуу үчүн мындай ыкманы колдонуудан баш тартпаш керек экенин айтты.

Бул сунушка КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов каршы чыкты. Жарандар арасында түшүнбөстүктү жарата турганын билдирди.

Ошол эле учурда «Бир бол» фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова аны колдой турганын билдирди.

Бүгүн парламентте «Референдум жөнүндө» мыйзам долбоорду экинчи окууда каралууда.