Кара-Буура районунда айыл имамдары жана коомчулуктун катышуусунда «Ислам тынчтыктын дини» аталышындагы жыйын өттү.
Жыйындын алкагында облус казысы Таалайбек ажы Бапиев экстремизмдин коомго келтирүүчү олуттуу зыяны боюнча түшүндүрүшүп, анын алдын алуу иш аракеттерин байма-бай жүргүзүү зарылдыгын белгилешти.
Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө Ханафий мазхабын өзгөчө жаштарга түшүндүрүү керектиги айтылды.