КСДП фракциясынын депутаты Узарбек Жылкыбаев парламенттик отурумда бир күндүк айлыкты актёр Азиз Мурадилаевдун дарылануусуна которуу тууралуу айтты.

«Бирок бул нерсени добушка койгон жокпуз. Бүгүн добуш берели», — дейт эл өкүлү.

Актёрдун жакындары анын гепатит С менен ооруй турганын айтышкан. Ошондой эле алар жарандардан жардам сураган.