Президент Алмазбек Атамбаев актёр Азиз Мурадиллаевдин операциясынын биринчи этабына материалдык жардам көрсөтүүнү тапшырды.
Ал үчүн президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 500 000 (беш жүз миң) сом бөлүп берди.
Актёрдун жакындары анын гепатит С менен ооруй турганын айтышкан. Ошондой эле алар жарандардан жардам сураган.