Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттинде бүгүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн төлөмдү көбөйтүү маселеси каралды.

Иш-чарага коимитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев, орун басары Уланбек Рыскулов, көз карандысыз эксперттер катышты.

Зилалиевдин айтымында, лицензияны кармап туруу үчүн төлөм пайдалуу казындылардын кендерин иштетүү жана өнүгүүсүн тездетүү максатында бир нече жыл мурун киргизилген. Бирок тажрыйба көрсөткөндөй, лицензия берүүнүн саны өсүп, иштетилип жаткан кен жатагынын саны үмүттү актаган жок. Лицензия төлөмүнүн коюму төмөн болгондуктан лицензияны экинчи рынок жүгүртүү башаламандыкка алып келди.

Ошондуктан Зилалиев коюмдун баасын жогорулатууну демилгеледи. Ал эми тегерек столдун катышуучулары айтылган сунушту колдоду.

Төлөмдүн коюмун жогорулатуу боюнча маселе бизнес жааматынан жана жер казынасын пайдалануучулардан так сунуш алгандан кийин чечилип, өкмөттүн кароосуна жөнөтүлөт.