Парламент Кыргызстандын бир катар чакан шаарларын өнүктүрүүгө багытталган «Бишкек шаарында 2016-жылдын 25-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну (Шаарды өнүктүрүү долбоору) ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Каржы министри Адылбек Касымалиевдин берген маалыматына караганда, эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Сүлүктү, Кербен, Токтогул, Балыкчы шаарларынын социалдык объектилеринин абалын, электр энергиясы менен камсыз кылууну, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу багытында 12,8 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Анын ичинде, 6,6 млн доллар жеӊилдетилген насыя, ал эми 5,4 млн доллар гранттык каражат болуп саналат. Ага кошумча Өкмөт да 2,4 млн доллар каражат кароого тийиш.