Президент Алмазбек Атамбаев куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды
Жолугушууда мамлекет башчысы куралдуу күчтөрдү чыңдоо жана мындан ары өнүктүрүү үчүн жүргүзүлүп жаткан иштер, анын ичинде өлкө коргонуусун камсыз кылган мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү системасын жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат алды.
Атамбаев аскер кызматкерлерине камкордук, куралдуу күчтөрдү модернизациялоо жана кайра куралдандыруу мамлекеттин башкы артыкчылыктарынын бири экенин баса белгиледи.
“Ошондуктан аскер жетекчилери, бардык аскер кызматчылары аскердик тартипти чыңдоо, өз катарларын тазалоо жана куралдуу күчтөрдөгү коррупцияны жоюу боюнча активдүү иш алып барууга тийиш», — деди мамлекет башчысы.
Президент ошондой эле өлкөдө күжүрмөн, азыркы чакырыктар менен коркунучтарга татыктуу жооп бере ала турган Куралдуу Күчтөрдү тезирээк түзүүнүн зарылдыгын белгиледи.